Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Бел-Алма боюнча сынактын экинчи этабына үч компания тең катыша алат


Өкмөт Кадамжайдагы Бел-Алма көмүр кенин чалгындоого өткөн жылдын ноябрында ачык конкурс жарыялаган. Аталган конкурстун биринчи баскычы бүгүн, 14-апрелде өттү. Анын жыйынтыгы боюнча, арыз берген үч компания тең, “Беш-Арча”, “Перити-Коал” жана “Ормош ойл” ишканалары сынактын экинчи этабына өттү. Кийинки сынак 27-апрелге белгиленди. Бул тууралуу Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин маалымат кызматы кабарлады. Сынактын экинчи этабына тоо кенчилер, экологдор чакырылат.

Кара алтын жаткан Майдан айылдык кеңешинин депутаттары мурда жасалма лицензия менен көмүрдү мыйзамсыз казып келген ишкана конкурска башка ат менен кайрадан катышып жатканына нааразы болушууда. Алардын айтымында, көмүр кенин эки жылча мыйзамсыз иштеткен “Жаңы доор” ишканасы, азыр конкурска “Ормош ойл” деген ат менен катышууда. Аталган ишкана Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Акылбек Султановго таандык экени айтылып келет. Бирок эл өкүлү муну четке кагууда. Султанов бир эле учурда Бел-Алма кенине конкурс жарыялаган комиссиянын мүчөсү. (КЕ/UEz)

XS
SM
MD
LG