Линктер

бейшемби, 25-май, 2017 Бишкек убактысы 20:55

Венада Казакстандагы киши өлтүрүү боюнча сот башталды


Банкирлердин өлүмүнө негизги шектүү катары маркум Рахат Алиев айтылып жаткан

Казакстанда уурдалып кетип, киши колдуу болгон эки банкирдин өлүмүнө байланышы бар деп шектелип жаткан эки жарандын үстүнөн сот 14-апрель күнү Австрияда башталды. Казакстандын атайын кызматынын мурунку өкүлү Алнур Мусаев жана президент Нурсултан Назарбаевдин мурдагы жансакчысы Вадим Кошляк 2007-жылы “Нурбанктын” эки кызматкерин өлтүрүүгө жардам берген деп айыпталууда.

Бул кылмыш боюнча негизги шектүү катары кармалган президенттин мурдагы күйөө баласы, маркум Рахат Алиев быйыл февралда Венадагы түрмөдө жанын кыйган болчу. Ал өзүнө тагылган айыптоону саясий буйрук деп атаган эле. (SE)

XS
SM
MD
LG