Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу ишти кайра тергеп чыгуу үчүн маркумдун жакындары Башкы прокуратурага кайрылууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Камиланын атасы Эшмамбет Дүйшөбаев бүгүн билдирди. 14-апрелде Чүй облустук ички иштер башкармалыгы шектүү кишинин аныкталбаганына байланыштуу иш убактылуу токтотулганын кабарлаган. Дүйшөбаев иштин токтошуна кызыктар чоң күчтөр, анын ичинде ИИМдин жетекчилиги болушу мүмкүн деп күмөн саноодо.
Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну Камила Дүйшөбаеванын киши колдуу болгон сөөгү 2014-жылдын 16-мартында шаар четиндеги Байтик айылынан табылган эле. Ушул кезге чейин бул иштин бети ачылбай келет. Дүйшөбаеванын өлүмүн иликтөө боюнча ыкчам топ түзүлүп, 370 адам суракка алынган. Кылмыш ишке катыштыгы болушу мүмкүн деген адамдардын арасында коомчулукка белгилүү кишилердин ысымдары да аталган. Март айында Ички иштер министри Мелис Турганбаев окуяны иликтөө иши кайра башынан башталганын билдирген. Ал Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча жаңы версия бар экенин кошумчалаган эле. (КЕ)