Бул тууралуу “Азаттыкка “Пегасус Азия” авиакомпаниясынын өкүлү Лилия Калыкова билдирди. Каттамдын жылып калышына учактын трапты сүзүп алып, бир аз капшырылып калышы себеп болгон.
-Учак трапты катуурак сүзүп алган. Индиянын Жарандык авиациясы текшергенче ушунча убакыт өтүп кетти. Азыр эки каттамдын жүргүнчүлөрү чогуу бүгүн келишет, - деди Калыкова.
Айрым маалымат каражаттары компаниянын Нью-Дели - Бишкек каттамы 11-апрелден бери жылдырылып, кыркка жакын кыргызстандык беш күндөн бери мекенине кайта албай жатканын жазышкан. (КЕ)