Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:55

Түркия президенти Рим Папасын сындады


Армения президенти Серж Саркисян (солдо) жана Папа Франциск Ыйык Петр чиркөөсүндөгү эскерүү зыяпатынан соң. Ватикан. 12-апрель 2015.
Армения президенти Серж Саркисян (солдо) жана Папа Франциск Ыйык Петр чиркөөсүндөгү эскерүү зыяпатынан соң. Ватикан. 12-апрель 2015.

Рим Папасы Франсицк 12-апрелдеги эскерүү зыяпатында 1915-жылы Осмон падышалыгы учурундагы армяндардын кырылуусун “геноцид” деп мүнөздөгөн жана “20 кылымдагы биринчи чоң трагедия”деп атаган. Ага нааразылык иретинде Анкара Ватикандагы элчисин чакырытып алган.

Президент Режеп Тайып Эрдоган 14-апрелде Анкарада сүйлөп, Папаны "геноцид" жөнүндөгү сөзү үчүн айыптады: " Саясатчылар жана диний жетекчилер тарыхчылардын ишин жасаганга аракет кылганда, чындыкты эмес, калпты табат. Биргелешкен комиссия түзүү сунушубузду кайра кайталайм. Биз архивдерибизди ачканга даяр экенибизге кайра көңүл бурам. Папаны бул тейдеги жаңылыштыкты жана айыптоону кайталаба деп эскертем."

Көпчүлүк тарыхчылар жана бир катар өлкөлөр 100 жыл мурдакы алааматта осмон түрктөрү 1, 5 миллион чакты армянды кырган деп эсептешет.

Түркия болсо алар ич ара согушта өлгөн деп айтып келет.

XS
SM
MD
LG