Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

Бажы тармагын жаңылоого жабдуулар келе баштады


Кыргызстандын бажы тармагын жаңылоого керектүү техникалар 14-апрелден баштап келе баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Экономика министринин Бажы биримдиги боюнча маселелерди тейлеген мурдагы орун басары Данил Ибраев билдирди. Эми алар белгиленген чек ара пунктарына коюла баштайт.

-Келген жабдуулар белгиленген чек ара пункттарына, кыргыз-кытай, кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларына коюлушу керек. Биз учурда эки план менен баратабыз. Биринчиден, Орусиядан келе турган 200 млн. доллардын негизинде Кыргызстандагы бажы инфраструктурасын, лабораториялар менен камсыз кылууну көздөп жатабыз. Экинчиден, эгер каражат өз маалында келбей калса, андай учурда дагы биз убактылуу жабдууларды Орусиядан алып коюп атабыз, - деди Ибраев.

Ушул тапта мал чарбасына байланыштуу лабораторияны эл аралык стандартка ылайыктап каттоо боюнча иштер жүрүүдө.

Кыргыз бийлиги 9-майга карата биримдиктин толук кандуу мүчөсү болууну белгилеген. Орусия “Жол картага” ылайык жаңылоо үчүн 200 млн. доллар бөлүп бермек болгон. Мунун ичинен 129 млн. доллар орус өкмөтү тарабынан орусиялык “Крокус-интернешнл” компаниясына берилет. Ал компания келишимге ылайык, Кыргызстандын бажы тармагын жаңылоо, кызмат көрсөтүү иштеринин баарын аткарат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG