“Аш-Шабааб” исламчыл тобунун согушчандары 14-апрелде Могадишодо эки министрликке чабуул койду. Чабуул Сомалинин Билим берүү, ошондой эле Мунай жана минералдык байлыктар министрликтеринин жанында эки катуу жардыруу болор замат башталган. Салгылашууда беш адам жана эки согушчан өлдү. Бул “ал-Каида” менен байланыштагы “аш-Шабааб” группасынын Сомалинин батыш колдогон өкмөтүнө каршы жасаган акыркы чабуулдарынын бири болду.
Апрелдин башында “ал-Шабааптын" согушчандары Кениядагы университетке кол салганда 148 адам курман болгон. Өлгөндөрдүн көбү тарса(христиан) студенттер.