Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:06

Султанов Бел-Алма кени боюнча комиссия курамынан чыкты


Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Султанов Бел-Алма кени боюнча комиссия курамынан өз эрки менен чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” парламенттеги КСДП фракциясынын катчылыгынын башчысы Нурбек Беделбаев билдирди. Учурда анын ордуна депутат Самат Ибраевдин талапкерлиги каралууда.

Өкмөт Кадамжайдагы Бел-Алма көмүр кенин чалгындоого өткөн жылдын ноябрында ачык конкурс жарыялаган. Аталган конкурстун биринчи баскычы 14-апрелде өтүп, арыз берген үч компания тең - “Беш-Арча”, “Перити-Коал” жана “Ормош ойл” ишканалары сынактын экинчи этабына өткөн.

Кара алтын жаткан Майдан айылдык кеңешинин депутаттары мурда жасалма лицензия менен көмүрдү мыйзамсыз казып келген ишкана конкурска башка ат менен кайрадан катышып жатканына нааразылыгын билдиришкен. Алардын айтымында, көмүр кенин эки жылча мыйзамсыз иштеткен “Жаңы доор” ишканасы азыр конкурска “Ормош ойл” деген ат менен катышууда. Аталган ишкана Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Акылбек Султановго таандык экени айтылып келет. Бирок эл өкүлү муну четке кагууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG