Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:47

Бишкекте экстремизмге каршы алгачкы эл аралык симпозум өтөт


Муфтият Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен бирге “Экстремизм жана такфиризмдин коомго келтирген коркунучу” деген аталышта эл аралык симпозуим өткөрөт. Алгач ирет уюштурулуп жаткан бул жыйын бүгүн, 16-апрелде Бишкектеги улуттук драма театрда башталып, андан ары “Жаннат” отелинде эки күнгө созулат. Муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов “Азаттыкка” билдиргендей, жыйында өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топко каршы күрөшүү, алар жүргүзүп жаткан идея мусулманчылыкка жат экендигин элге жеткирүү маселеси талкууланат.

Симпозиумга Египет, Монголия, Иордания, Сауд Арабия, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу он жети мамлекеттен муфтийлер жана диний ишмерлер катышат. Соңунда биргелешкен резолюция кабыл алынып, иш-чараны келерки жылы өткөрүү эстафетасы башка бир өлкөгө ыйгарылат. (SE)

XS
SM
MD
LG