Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

УКМК: Кадыр Досонов кармалды


Кадыр Досоновду (ортодо) абактагы нааразылык учурунда түрмө башчылары менен сүйлөшүүгө алып баратышат. Ош, 20-январь, 2012-жыл
Кадыр Досоновду (ортодо) абактагы нааразылык учурунда түрмө башчылары менен сүйлөшүүгө алып баратышат. Ош, 20-январь, 2012-жыл

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти кылмыш дүйнөсүндө “Жеңго” деген каймана ат менен белгилүү Оштогу кримчөйрөнүн анабашы атыккан Кадыр Досонов кармалганын кабарлады.

Кадыр Досоновго быйыл жыл башында үчүнчү жолу издөө жарыяланган. Ал милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө аралашкан деп айыпталууда.

Досонов 2013-жылы жазында Ош шаардык соту тарабынан акталып, боштондукка чыгып кеткен. Ага ички иштер органдары тарабынан карактоо, маңзат соодасы жана адам уурдоого байланышкан оор айыптар коюлган. Сот бул айыптардын баарын алып салып, Досоновду эркиндикке чыгарган. Бул бийлик менен “каралардын” өз ара "кызматташтыгы" тууралуу күдүк ойлорду жараткан.(КЕ)

XS
SM
MD
LG