Линктер

жекшемби, 28-май, 2017 Бишкек убактысы 14:49

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайынын өзгөргөнүнө байланыштуу жыйын өткөрдү . Анда Бишкек-Ош унаа жолунда кар болгондугуна байланыштуу оор жүк ташуучу машиналар тыгын жаратып жаткандыгы айтылды. Андан сырткары дарыялардын көпчүлүгүндө суулардын деңгээли көтөрүлүп, айрым жерлерде турак жайларга, айыл чарба жерлерине, жолдор менен каналдарга коркунуч жаратып жаткандыгы маалымдалды. Министр Кубатбек Боронов тез арада кырсыктардын алдын алуу иштерин баштоону тапшырды .

Өзгөчө кырдаалар министрлигинен кабарлашкандай, жыл сайын кыш мезгилинде аймактагы Чүй, Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларында суу ташуу коркунучу күчөйт. Буга дарыялар убагында тазаланбай жатканы себеп.(КЕ)

XS
SM
MD
LG