Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:51

Мамбеталиев: Сирияга кеткендердин 20га жакыны жаш балдар


Бул тууралуу бүгүн “Экстремизм жана такфиризмдин коомго келтирген коркунучу” деген аталышта эл аралык симпозиумда ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын башчысы Рафик Мамбеталиев билдирди. Анын белгилешинче, Сирияга кеткен кыргызстандыктардын саны 339. Алардын 50гө жакыны аялдар, 20сы жаш балдар. 40ка жакын киши каза болду.

Бүгүн муфтият Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен бирге “Экстремизм жана такфиризмдин коомго келтирген коркунучу” деген аталышта эл аралык симпозиум өткөрүүдө. Алгач ирет уюштурулуп жаткан бул жыйындын максаты - өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топко каршы күрөшүү, алар жүргүзүп жаткан идея мусулманчылыкка жат экендигин элге жеткирүү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG