Бакунун соту бүгүн белгилүү активист жана укук коргоочу Расул Жафаровду алты жарым жылга түрмөгө кести.
Ал салык жашырган, мыйзамсыз ишкерлик кылган, кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп айыпталган эле.
Укук коргоочу өзү соттун бүгүнкү өкүмүн саясий жүйөөсү бар чечим катары мүнөздөдү.
Жафаров былтыр августа Азербайжандагы адам укуктарынын абалына көңүл бурдурууну көздөгөн өнөктүк баштай турганын жарыялагандан кийин камалган.
Ал бул өнөктүктү Азербайжан быйыл июнда Европа оюндарынын конок ээси болушун утурлай өткөрмөк.
Эл аралык мунапыс уюму Расул Жафаровду абийир туткуну деп тааныган.
Хьюман Райтс Уочт уюмунунун жакындагы билдирүүсүнө караганда, президент Илхам Алиевдин өкмөтү былтыр укук коргоочу, саясий жана жарандык активист, журналист, блоггерлерден кеминде 35 адамды абакка салды.
Аларга каршы ар кандай мүнөздөгү жасалма кылмыш иштери колдонулган. (UE)