Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Путин: Санкциялар Орусияны ооздуктоого багытталган


Орус президенти бул тууралуу бүгүн теледеги түз байланыштын башталышында билдирди.

Путиндин айтымында, АКШ жана Еврошаркет Орусияга каршы санкция киргизүүдө Москванын украин кризиси менен жаңжалындагы ролун жөн гана шылтоо катары пайдаланды.

Путиндин пикиринде, санкциялар Орусияны “ооздуктоо” максатын көздөйт жана жакын арада жоюлбайт.

АКШ менен Еврошаркет болсо санкциялар Крымды мыйзамсыз анексиялап, Украинанын чыгышындагы жикчилерди курал жана аскер менен колдогон Орусиянын жүрүм-турумун өзгөртүү максатында киргизилгенин айтып келишет.

Путин бүгүн белгилегендей, Орусия санкцияларды экономикадагы “жаңы жетишкендиктер” үчүн база катары колдонуусу керек. (UE)

XS
SM
MD
LG