“Ачык Орусия” уюмунун өкүлдөрү билдиришкендей, полиция офицерлери алардын Москвадагы кеңсесин тинтүү алдында уруксат кагазын көргөзүшкөн.
Ага ылайык, уюм “экстремисттик ишмердикке” чакырган баракчаларды таратууну мерчемдеп жатканы үчүн айыпталган.
Ошондой эле оппозициянын 19-апрелдеги митингине үндөгөн агитациялык материалдарды таратууну көздөгөнү үчүн жана күнөөлөнгөн.
Ходорковскийдин басма сөз катчысы Ольга Писпанен “Дождь” телеканалына “Ачык Орусия” 19-апрелдеги демонстрацияга катышууну эч пландабаганын билдирди.
Орусиянын оппозициячыл топтору адамдар чогуу эмес, жалгыздап чыккан нааразылык акцияларын 19-апрелде өткөрөрүн кечээ жарыялаган эле. Анткени, адамдар топтолгон демонстрация уюштуруу үчүн бийликтен уруксат алуу талап кылынат.
Кеңсеси тинтилген “Ачык Орусия” демократиялык демилгелерди жайылтуу максатында мурдагы олигарх Михаил Ходорковский тарабынан негизделген уюм. Он жыл түрмөдө олтуруп чыккан Ходорковский азыр Швейцарияда жашайт.
Ходорковский өзүнүн абакка салынышын саясий себептер жана президент Путиндин саясатына оппозицияда болгонуна байланыштырган. (UE)