Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:43

Ош шаарында баңгизатка көз каранды 3700 адам бар


Мындай маалымат бүгүн Ошто маңзат көйгөйүнө арналган жыйында айтылды. Маалыматка караганда, Ош шаарында баңги затка көз каранды 3705 адам расмий каттоого алынган. Алардын ичинен 300 адам ооруканаларда дарыланып жатат. Маңзатка көз каранды дагы 72 жаран үйлөрүндө дарыланууда.

Маңзат көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат уюштуруп жаткан бул иш-чарага Орусия менен Тажикстандын маңзатты көзөмөлдөөчү кызматтарынын өкүлдөрү, БУУнун адистери катышты. (YI)

XS
SM
MD
LG