Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

“Ноокат алтын алмасы” элге жага баштады


Ноокаттык жаш ишкер мөмөлүү бактарды бутоодон тарта, бышканга чейин дарылап берүүчү “Ноокат алтын алмасы” ишканасы кардарын жакшы таап жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” кооператив жетекчиси Абдибали Исраилов билдирди. Анын айтымында “Ноокат алтын алмасы” кооперативинде 42 адам иштеп жатышат. Алар район элинин мөмөлүү бактарын жаз алдында бутап, гүлдөгөндөн тарта зыянкечтерге каршы дарылап да беришет. Азыр алардын райондогу туруктуу кардарларынын саны 500 адамга жеткен. Андан сырткары кошуна райондорго кээде борборго да чакырууларды аткарып турушат. Абдибали Исраилов кошумчалагандай, “Ноокат алтын алмасы” бактардын көлөмүнө жараша ар бир даракты бутоого 10 сомдон 100 сомго чейин акы алышат. Ал эми зыянкечтерге каршы ар бир бакты 15-25 сомго дарылашат. Кооператив ар бир жумушчуну атайын кийим, дары жана шаймандар менен камсыздап турат. (YI)

XS
SM
MD
LG