Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Кыргызстандагы балдардын 17% гана бала бакчага барат


Бул тууралуу вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева бейшембиде Нарынга болгон иш сапары учурунда билдирди. Жеткинчектердин көбү бала бакча жетишсиздигинен улам үйдө тарбияланууда.

- Совет мезгилинде бала бакча менен камсыздоо 35-36 пайызды түзчү. Азыркы жетишсиздиктин себеби - билим уяларынын менчикке өтүп кеткенинде. Учурда өкмөт 119 бала бакчаны кайтарып алды. Айрымдары иштей баштады, калгандары ремонтко муктаж. Бюджеттеги тартыштыктан улам оңдолбой турат,- деди Ниязалиева (MiK)

XS
SM
MD
LG