Кылмыш топторунун арасында “карышкыр” аты бар Мурсалим Өмүрзаков бүгүн камактан чыгат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты. Жаза мөөнөтүн Нарындагы №24 тергөө абагында өтөгөн Өмүрзаков боштондукка чыккандан кийин деле милициянын көзөмөлүндө болорун күч органдары билдирген.
2010-жылы ал талап-тоноочулук, каракчылык фактысы боюнча соттолгон. 2012-жылдын декабрында мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган.
2013- жылдын апрель айында айтылуу кылмышкер Азиз Батукаев Нарындагы түрмөдөн табышмактуу бошотулуп, Чеченстанга учуп кетээр замат Өмүрзаков артынан кеткен. Ушундан кийин ага издөө салынып, 2013-жылдын күзүндө Кыргызстанга кайтарылып, камакка алынган. Мурсалим Өмүрзаков 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. (SE)