Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

Иранда мугалимдер айлык акыны көтөрүү талабы менен нааразылыкка чыкты


Нааразылыкка чыккан мугалимдер. Иран, 16-апрель, 2015-жыл.
Нааразылыкка чыккан мугалимдер. Иран, 16-апрель, 2015-жыл.

Миңдеген мугалимдер 16-апрель күнү жалпы улуттук тынчтык акциясына чыгып, маянаны көтөрүү талабын коюшту. ILNA маалымат агенттиги нааразылык баш калаа Тегеран менен кошо дагы ондогон шаарларда болгонун кабарлады. Протестчилердин көпчүлүгү Билим берүү министрлигинин жанына топтолду. Мугалимдер айлыкты көтөрүүдөн сырткары буга чейин нааразылыкка чыкканы үчүн камалган айрым кесиптештерин бошотууну да талап кылышты.

Соңку айда ирандык окутуучулар бир канча ирет акция өткөрдү. Февралда талаптары жазылган кайрылууну парламент спикери Али Ларижаниге тапшырышкан эле. (SE)

XS
SM
MD
LG