Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:34

“Стилсофт” компаниясы ИИМ жетекчилигин айыптоодо


Бүгүн Бишкекте “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруудагы проблемалар талкууланууда. Анда тендерден утуп алган орусиялык “Стилсофт” компаниясынын директору Юрий Стоянов Ички иштер министрлигинин буга чейинки дооматтарын четке какты. Ал аталган компания Орусияда ийгиликтүү иштеп жатканын белгилеп, тендерди үзгүлтүккө учуратууга ИИМде кызыктар адамдар бар экенин кошумчалады.

Жакында Ички иштер министрлиги “Стилсофт” ишканасынын арыз-документтерин иликтеп, анда жалган маалыматтар камтылганын аныктаган жана сотко кайрылган.

Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбооруна болжол менен 43 миллионго жакын доллар керек деп айтылууда. Эгер ал ишке ашса, кылмыштуулук азайып, жол эрежесин сактоо бир калыпка түшөрүн адистер белгилешет. (КE)

XS
SM
MD
LG