Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:54

Карагандада суу каптоодон улам аялдар түрмөсү көчүрүлдү


Казакстандын Караганда облусунда селден улам аялдар түрмөсү эвакуацияланды. Облустук ички иштер башкармалыгынын расмий өкүлү Коксун шаарындагы колонияда жаза өтөп жаткан 943 аял башка абактарга которулганын айтты.

16-апрелде вице-премьер-министр Бахытжан Сагинтаев суу каптоодон өзгөчө жабыркаган Габиден Мустафин айылына барып кетти. Айылдагы 700дөй турак жай суу астында калып, 4 миңге чукул тургун башка жерлерге көчүрүлдү.

Жаратылыш кырсыгынан улам Акмола, Чыгыш Казакстан, Түндүк Казакстан жана Павлодар облустарында жолдор жабылды. Абанын температурасы кескин көтөрүлүп, кар эригенден улам дарыялар жээктеринен чыгып кеткен. Адам чыгымдары жок деп кабарланууда.

XS
SM
MD
LG