Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 21:18

Жыл башынан бери 34 милиция кызматкерине кылмыш иши козголду


Бул тууралуу ИИМдин орунбасары Нурбай Касымбаев билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылдын биринчи чейрегинде эле милициянын 34 кызматкерине карата 28 кылмыш иши ачылган. Мыйзамды бузган дагы 487 милиция кызматкери аныкталган. Ал эми кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн 1062 милиция жазаланган.

Жыл башынан бери ички иштер органдарынын 29 кызматкери жумуштан айдалса, дагы 38 кызматкер ээлеген орундарынан четтетилген.

Министрдин орун басары ИИМде өздүк курамдагы тартипти канааттандырарлык эмес деп атады. (YI)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG