Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:12

Эл аралык коалиция ИМ уюмунун турумдарына сокку урду


Абадан жасалган чабуул маалында бомбалоочу жана чабуул жасоочу авиация, ошондой эле учкучсуз аппараттар колдонулду.

"Ислам мамлекети" террордук уюмуна каршы операция жүргүзгөн эл аралык коалициянын бириккен күчтөрү 17-18-апрель күндөрү Сирияда жана Иракта экстремисттердин турумдарына жыйырмадан ашуун чабуул жасады. Коалициянын командачылыгынын билдирүүсүнө караганда Сирияда бомбалоочу жана чабуул жасоочу жети сокку урулган, дагы 13 сокку Иракта учкучсуз аппараттар аркылуу урулган.

Ирак бийликтери 18-апрелде Байжидеги мунай иштетүүчү заводдун ири бөлүгүнө көзөмөл кайтарылганын билдирүүдө. Аны "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмдун согушкерлери былтыр басып алган эле. (ZMa)

XS
SM
MD
LG