Өлкөнүн тышкы иштер министрлиги жекшембиде маалымдагандай, алар орус өкмөтүнүн вице-премьери Норвегиянын Арктикадагы аралына барышы боюнча түшүндүрмө сурады.
Норвег тышкы иштер министрлигинин өкүлү Фрод Андерсендин айтымында, Норвегиянын аймагына кирүүсүнө тыюу салынган орус вице-премьери Дмитрий Рогозиндин Арктикадагы Свалбард аралдарына барышы өкүнүчтүү.
Дмитрий Рогозин - Орусия былтыр Крымды анексиялагандан кийин Еврошаркет менен катар Норвегия да санкция киргизип, алардын аймактарына келишине тыюу салган орусиялык расмий өкүлдөрдүн бири.
Маалыматтарга караганда, Рогозин Арктикага Орусиянын уюлдук станциясынын ачылышына барган. Ал өзү да Twitter социалдык сайтына Свалбард аралынын аэропортунан түшкөн сүрөтүн жайгаштырды.
Свалбардда орусиялык кен казуучулардын конушу бар. Норвег тышкы иштер министрлиги эми өкмөт аралга келип-кетүү тартибин күчөтүүнү караштырып жатканын да билдирүүдө. (UE)