Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Казакстандагы элчи Жамбылдагы кырсыктан жабыркагандарга барат


Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Эсенгул Өмүралиев бүгүн Жамбылга барып, кечээки жол кырсыгынан жабыркагандардын абалы менен таанышат. Ошондой эле кырсыкта набыт болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси да каралмакчы. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен “Азаттыкка” кабарлашты.

Кечээ Казакстандын Жамбыл облусундагы Алматы-Екатеринбург жолунда эки кичиунаа кагышып, 15 киши набыт кеткен. Дагы беш киши ооруканага жеткирилди. Каза болгондордун алтоо жана жаракат алгандардын бешөө Кыргызстандын жараны экени тастыкталды. Денеси таанылгыс болуп күйүп кеткен дагы сегиз киши кайсы өлкөнүн жарандары болгондугу такталууда. Каза болгондордун бирөө Казакстандын жараны экени тастыкталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG