19-апрелде Жамбылдагы автокырсыкта набыт кеткен кыргызстандыктардын сөөктөрүн мекенине алып келүү үчүн Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Казакстанга атайын унаа жиберди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, азырынча набыт кеткендердин алтоо, жаракат алгандардын бешөө Кыргызстандын жараны экени тастыкталган.
Кырсыкка учураган автоунаалардын бири “Мерседес-Бенц” кичиунаасы бир күн мурун Ош шаарынан жолго чыкканы тууралуу да маалымат айтылууда.
Кечээ Казакстандын Жамбыл облусундагы Алматы-Екатеринбург жолунда эки кичиунаа кагышып, 15 киши набыт кеткен. Дагы беш киши ооруканага жеткирилди. Каза болгондордун алтоо жана жаракат алгандардын бешөө Кыргызстандын жараны экени тастыкталды. Денеси таанылгыс болуп күйүп кеткен дагы сегиз киши кайсы өлкөнүн жарандары болгондугу такталууда. Каза болгондордун бирөө Казакстандын жараны экени тастыкталган. (ZKo)