Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:49

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен кыз изделүүдө


Бишкектеги Чоң Чүй каналынан куткаруучулар кечээтен бери Бакай-Ата конушунун 10-11 жаштагы тургунун издеп жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, өспүрүм кыз сууга түшүп кеткени тууралуу кабар милицияга жекшемби күнү кечке жуук түшкөн. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Ал эми ​Балыкчы шаарындагы “Толкун” эс алуучу жайында 19-апрелде сууга секирип кеткен жергиликтүү тургун, 46 жаштагы Таалай Шейшеналиевдин сөөгүн куткаруучулар ошол эле күнү таап, туугандарына өткөрүп беришти. (RK)

 

XS
SM
MD
LG