Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:19

Президент Атамбаев Жамбылдагы жол кырсыгы боюнча көңүл айтты


Президент Алмазбек Атамбаев Жамбыл облусунда катталган жол кырсыгында каза тапкан кыргызстандыктардын жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы өкмөткө аталган окуяга байланыштуу зарыл болгон бардык чараларды тезинен көрүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле Атамбаев керек болгон каражаттарды өз фондунан бөлүп берүү боюнча буйрук берди.

19-апрелде Жамбыл облусунун аймагындагы кырсыктан 16 адам мерт кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, алардын 15и кыргызстандыктар болгон. Төрт жаран учурда ооруканада. Оштон чыккан “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү кичи автобус “Газел” автоунаасы менен кагышып, андан соң толугу менен күйүп кеткен. (BkA)

XS
SM
MD
LG