Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Парламент комитети АКШ элчилигине келген жүк маселесин жабык талкуулады


Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети АКШ элчилигине келген 152 тонна жүк боюнча маселени жабык талкуулады. Мындай маалыматты “Азаттыкка” аталган комитеттин мүчөсү, депутат Бахтияр Кадыров тастыктады. Анын айтымында, комитеттеги жыйында УКМК, “Манас” аэропортунун коопсуздук кызматы түшүндүрмө берди. Кадыров кошумчалагандай, депутаттар бул маселе боюнча Тышкы иштер министрлигинин маалыматын угууну чечишти.

Буга чейин "Дело №" гезити марттын соңунда эки ирет Украинанын авиакомпаниясына таандык учак менен Бишкектин “Манас” эл аралык аэропортуна белгисиз жүк келгенин жазган. Анда дипломатиялык макам менен келген жүк текшерүүгө алынбаганы айтылат. АКШнын элчилиги бул жүк Бишкекте курулуп жаткан элчиликтин жаңы имаратына керектүү материалдар экенин кабарлаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG