Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

АКШга туристтик виза мөөнөтү беш жылга узартылды


АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы жумуш жана туристтик визалардын мөөнөтү бир жылдан беш жылга узартылды. Бул тууралуу өткөн аптада аяктаган кыргыз-америкалык кызматташтык сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кабыл алынган билдирүүдө айтылат. Маалыматка ылайык, бул жетишкендик эки өлкө ортосундагы байланыштын өнүгүшүнө өбөлгө болмокчу.

Эки өлкөнүн кызматташтыгын талкуулаган консультацияларга Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев катышып, АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри баштаган бир нече расмий өкүл менен жолуккан. Керри Кыргызстандын эркиндиги, эгемендиги менен аймактык бүтүндүгүнө көптөгөн жылдар бою көрсөтүлүп келаткан жардам мындан ары да улантыла берерин айткан. (BkA)

XS
SM
MD
LG