Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы улуттук аскер лицейи кыргыз армиясынын элитасын түзгөн офицерлерди тарбиялаган жалгыз окуу жай. Кырдуу шым кийген, фуражкачан курсанттар көчөдө баратса, далайлардын көз жоосун алат. Болочок офицерлердин жашоосу кандай? Биз алардын бир күндүк турмушуна фотосереп салып көрдүк.
Аскер болуш аста, аста...
1
1982-жылы түптөлгөн бул окуу жай ушул күнгө чейин 3000ден ашык бүтүрүүчү чыгарган.
2
3
Курсанттын күнү таңкы 6:30 да башталат.
4
"Рота, тур!" командасын угаар замат жатакананын ичи дабыр-дубур добушка толуп, курсанттар кийинүүгө шашат.
5
Таңкы гимнастикадан соң күнүмдүк гигиена процедуралары башталат.
6
Нөөмөттөгүлөр тазалык менен алпурушса, калгандар катарга туруп, эртең мененки тамакка жөнөйт.
7
8
9
10
Кадимки мектеп программасынан тышкары тарбиялануучулар аскер өнөрлөрүн дагы окуп үйрөнүшөт.
11
Дене тарбия көнүгүүлөрү бул жайдын курсанттары үчүн кадимки мектептегилерге салыштырмалуу кыйла катаал.
12
Мыкты офицер болуу үчүн мыкты окуу зарыл.
13
Гимнастикадан соң түшкү тамактануу.
14
15
16
17
Мектеп программасынан соң аскердик программа башталат. Ар бир кадам түзөлмөйүн, плацты айланып марш тепмей.
18
19
Бош убакыт гитаранын коштоосунда жагымдуу ырларды созуу менен өтөт.
20