Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

УКМК: «Вечерний Бишкек» боюнча арыз иликтенүүдө


Президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасынын негизинде “Вечерний Бишкек” басылмасынын жамаатынын өлкө башчысына кайрылуусу боюнча иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, иликтөө Башкы прокуратура менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Анын алкагында “Вечерний Бишкек” басылмасынын жетекчилери жана айрым кызматкерлери суралды. Учурда басылма президентке жазган кайрылуусунда атын атаган адамдар суралууда.

Иликтөө жыйынтыгы менен бул фактыга укуктук баа берилип, коомчулук кабардар болоорун УКМК кошумчалады.

Өткөн жумада «Вечерний Бишкек» басма үйү президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоп, басылманы рейдерлик жол менен өлкө башчынын айланасындагы айрым адамдар тартып алгысы келип жатканын айткан. Гезит жамааты президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, президенттик аппараттын жетекчи орун басары Икрамжан Илмиянов жана Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевдин атын атаган. Бул кайрылуу боюнча президент Атамбаев УКМК төрагасы жана баш прокурорго тапшырма берип, бул боюнча күнөөлүүлөрдү макамына карабай туруп жазага тартууну тапшырган.(BKA)

XS
SM
MD
LG