20-апрелде Люксембургда миграция кризиси талкууланат. ЕБнын тышкы иштер министрлеринин бул жыйынга чогулуусуна Жер ортолук деңизине 700дөй мигрант түшкөн кайыктын чөгүп кеткени түрткү берди. Жыйын алдында Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерини Европага жетебиз деп чамынган мигранттардын ар кандай кырсыкка кабылуусуна жол бербөө Биримдиктин моралдык борчу деди:
- Бул сыяктуу трагедиялардын дембе-дем кайталануусуна жол бербөөгө өзгөчө көңүл буруу - биздин моралдык милдетибиз экенин сездим.
Быйыл Европага башпаанек издегендер жана мигранттар болуп ар кандай жолдор менен 35 000 адам келген. 900дөй адам Европага жетпей өлгөн.