Линктер

ишемби, 23-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:32

АКШ, Түндүк жана Балтика өлкөлөрүнүн коопсуздук жыйыны башталат


Копенгаген. Дания

АКШ, Түндүк жана Балтика өлкөлөрүнүн өкүлдөрү жаңы коркунучтарга каршы туруу жана жалпы коопсуздукту чыңдоо маселесин талкуулашат.

21-апрелден 24-апрелге чейин Копенгагенде болуучу форум АКШ, Түндүк жана Балтика өлкөлөрүнүн аскердик-саясий сүйлөшүүлөрүнө арналган алгачкы жыйын. Бул тууралуу маалымдаган АКШ мамлекеттик департаменти бул жаңы форумга Дания, Эстония, Финляндия, Исландия, Латвия, Литва, Норвегия, Швеция жана АКШ катышарын билдирди.

Мамдепартаменттин маалыматында айтылгандай, жыйында аймактагы коргоо жана коопсуздук маселелери, чек ара коопсуздугунан тартып, кибер-коркунучтарга каршы турууну камсыздоо, биргелешкен аскерий даярдыкты жакшыртуунун жолдору талкууга алынат.

XS
SM
MD
LG