Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Вице-спикерге каршы пикет уланат


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров “Карга карганын көзүн чукубайбы?” деген аталышта пикетке чыгып, вице-спикет Төрөбай Зулпукаровдун депутаттык мандатын тапшыруусун талап кылмакчы. Укук коргоочунун “Азаттыкка” билдиргени боюнча ал ошондой эле Зулпукаровдун иши өзү мүчө болгон мыйзамдуулук, тартип комитетинде, этика комитетинде да каралуусун талап кылат. Ошондой эле активист депутаттын 18 жыл мурунку кыз зордуктоого катышы бар экендигин көз карандысыз комиссия аркылуу тыкыр иликтөөнү суранып жатат. Токтонасыров мурдараак ушул эле талаптары менен парламенттин алдында "Шок-факт" аттуу пикетке чыккан эле.

“Искра” гезити өткөн санында парламенттин вице-спикери Зулпукаров 1997-жылы милиция кызматкери болуп иштеп турган кезде мас абалында үч таанышы менен кыз зордуктоо боюнча айыпталып, кылмыш иш козголгонун жазып чыккан эле. Зулпукаров гезиттин бул маалыматын шайлоо алдындагы каралоо деп билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG