19-апрелде Жамбыл облусунун Мойынкум районундагы Алматы-Екатеринбург унаа жолунда болгон жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандыктардын сөөктөрү мекенине алып келине баштады. Бүгүн эртең менен кырсыкта каза болгон бир үй-бүлөнүн 5 мүчөсүнүн сөөгүн атасы Рахимжан Оринбаев туугандары менен бирге Кыргызстанга алып келди. Сөөктөр жүктөлгөн “ТОЙОТА СИЕНА” унаасын Казакстандын МАИ кызматкерлерини чек арага чейин коштоп келишкен.
Бул тууралуу маалымдаган Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сөөктөр кимдердики экендиги тууралуу кененирээк маалымат берди. Ага ылайык, булардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү.
1. Оринбаев Аббас, 2008-жылы туулган, Ош шаары, 8-март көчөсү;
2. Оринбаев Аброриддин, 2006-жылы туулган, Ош шаары, 8-март көчөсү;
3. Оринбаева Хадичахон, 2003-жылы туулган, Ош шаары, 8-март көчөсү;
4. Оринбаева Гавхарай, 1981-жылы туулган, Ош шаары, 8-март көчөсү;
5. Оринбаева Мавжуда Хамидовна, 1953-жылы туулган, Ош шаары, 8-март көчөсү.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Казакстандагы жол кырсыгында набыт кеткен башка кыргызстандыктардын сөөктөрүн алып келүүчү автоунаасы учурда Жамбылда. Калган сөөктөр ӨКМдин унаасы менен апкелинет.
19-апрелде эрте мененки саат онго жакын Казакстандын Жамбыл облусундагы «Алматы-Екатеринбург» унаа жолунда эки кичиунаа кагышып, 16 киши набыт кеткен. Дагы бешөө жаракат алган. Каза болгондордун 15и Екатеринбургга бара жаткан кыргызстандыктар болгон.(ZKo)