Казакстанда өткөн Эл аралык долбоор боюнча "Infomatrix" олимпиадасында мультифункционалдык сызгыч анимациасын ойлоп тапкан Нарындык окуучулар 1-орунга татышып, алтын медаль алышты. Нарындагы Кыргыз-Түрк лицейинин 10-классынын окуучулары Теңирбек Карыпжумаев менен Нурсултан Шакиров кадимки сызгыч жана циркулдун атайын бурч сызуучу функцияларын ойлоп табышкан. Бул табылга илим дүйнөсүндө биринчилерден болгондугун олимпиаданын коммиссиясы тастыктаган.
Казакстанда өткөн эл аралык олимпиадага 30дан ашык мамлекеттен 308 окуучу катышты.
Жеңүүчү балдар июнь айында АКШ да боло турган эл аралык олимпиадага долбоорун жактоого жолдомо алышты. (MiK)