Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:54

Жамбылда мерт кеткен беш адамдын сөөгү Кыргызстанга алынып келинди


Жамбылдагы жол кырсыгында каза тапкан беш адамдын сөөгү Кыргызстанга алынып келинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Бешөө тең Ош шаарындагы бир үй-бүлөнүн мүчөсү, Оринбаевдер болгон. Алардын үчөө балдар. Маркумдардын сөөгү Ош шаарына жөнөтүлөт.

Кырсык 19-апрелде Казакстандын Жамбыл облусунда болгон. Кыргызстандыктар түшкөн “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү кичи автобус Оштон Орусиянын Екатеринбург шаарына кетип бараткан. Ичинде он жети жүргүнчү жана эки айдоочу болгон.

Кырсыктан он беши мерт кетип, төртөө ооруканада. Баары Кыргызстандын жарандары.

Мындан сырткары кичи автобус менен кагышкан “Газел” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, казак жараны да каза тапты. (BkA)

XS
SM
MD
LG