Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Ошто Улуу Жеңишке арналган жүрүш өттү


Ош, 21-апрель 2015-жыл
Ош, 21-апрель 2015-жыл

Ош шаарында бүгүн Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган жүрүш өттү. "Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, ага шаар тургундары, жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары болуп жалпысынан 10 миңге жакын киши чыкты.

Ленин көчөсүнөн башталган жүрүш борбордук аянтка чейин уланды. Аянтта өткөн тынчтык митингине согуш ардагерлери, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, Орусиянын Оштогу консулдугунун өкүлдөрү катышты.

Ошто Улуу Ата Мекендик согуштун 26 ардагери жашайт. (YI/RK)

XS
SM
MD
LG