Кыргызстандын акыйкатчысы Бактыбек Аманбаев бүгүн Жогорку Кеңеште 2014-жылдагы өлкөдөгү адам укугунун абалы тууралуу баяндама жасайт. Ошондой эле кыйноолордун, кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана башка адамгерчиликсиз жаза түрлөрүн алдын алуу боюнча атайын улуттук борбордун жетекчиси да парламент депутаттарын адам укугу жаатында өткөн жылдын жыйынтыгы менен тааныштырат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.
Эл аралык Human Rights Watch уюму өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча жарыялаган баяндамасында “Кыргызстан адам укуктарын коргоо боюнча негизги милдеттенмелерди аткарган жок” деп белгилеген. Кийинчерээк президент Алмазбек Атамбаевдин Европага сапары учурунда аталган уюм Евробиримдикке кайрылуу жолдоп, лидерлерди Атамбаев менен адам укугу жаатында сүйлөшүүгө чакырган.
Эл аралык Freedom House уюму болсо Кыргызстанды “жарым-жартылай эркин” өлкөлөрдүн катарына кошкон.(ZKo)