Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы өсө баштады


Кыргызстандын күйүүчү май базарында Орусиянын "Газпром" ишканасы монополисттик кылат
Кыргызстандын күйүүчү май базарында Орусиянын "Газпром" ишканасы монополисттик кылат

Бул тууралуу “Нефтетрейдерлер” биримдиги маалымдады. Ага ылайык, өлкөнүн аймактарында Аи-80 бензини 1 сомго кымбаттады. Ал эми Бишкекте, Чүй жана Ысык-Көл облустарында А-98 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 1 сомго көтөрүлдү. Дизелдик отундун баасы Нарын жана Ысык-Көл аймактарынан башка жерде бүт кымбаттады. “Нефтетрейдерлер” муну жазгы талаа иштеринин күч алганына байланыштуу керектөө көбөйгөнү менен байланыштырууда. Жана ошондой эле Орусиялык күйүүчү май сатуучулар дүң бааны көтөрүшкөнү да Кыргызстанда күйүүчү майдын айрым үлгүлөрүнүн кымбатташына алып келген.

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы өткөн жылы күз айларында 1 долларга чыккан. Мунайдын дүйнөлүк базарда арзандоосуна байланыштуу баалар кайра төмөндөгөн болчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG