Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:02

Хоккей: "Азия чакырыгы" кубогунда Кыргызстан Оманды жеңди


Ушул күндөрү Кувейтте өтүп жаткан хоккей боюнча "Азия чакырыгы" кубогундагы оюндарда Кыргызстандын улуттук курамасы үчүнчү беттешинде Оман курамасын утуп алды. Эл аралык хоккей федерациясынын расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 21-апрелде болгон оюнда кыргыз хоккейчилери Оман оюнчуларын 7:3 эсебинде жеңип алды. Буга чейин болгон оюндарда Кыргызстандын хоккейчилери Малайзия курамасын 6:5 эсебинде утуп, экинчи беттешинде сингапурлуктарга 4:2 эсебинде утулуп калышкан. Бүгүн, 22-апрелде кыргыз хоккейчилери индиялыктар менен беттешет. 24-апрелде мелдеш кожоюндары болгон Кувейт курамасына каршы чыгышат. Бул күнү болгон оюндардын жыйынтыгынан кийин финалда ойной турган командалар аныкталат.

18-апрелде башталган "Азия чакырыгы" кубогунун беттештери 25-апрелге чейин созулат. Башкы олжо үчүн Кыргызстан, Оман, Кувейт, Сингапур жана Индия командалары ойноодо.

Бул кубокту уткан команда кийинки жылы "А" дивизионунда ойноого мүмкүнчүлүк алат. Былтыр, февраль айында Азия чакырыгы кубогунун оюндары Бишкекте өткөн. Бул беттештерде Кыргызстан курамасы баш байгеге башкы талапкер болуп, тилекке каршы чечүүчү беттеште Макао курамасына 3:2 эсебинде утулуп калган. (ECh)

XS
SM
MD
LG