Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:04

Парламентте өкмөттү отставкага кетирүү демилгеси көтөрүлдү


Мындай демилгени парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Карганбек Самаков көтөрүп чыкты. Анын айтымында, бир катар министрлер өз арызы менен кызматтан кетти, өкмөт өз ишин толук кандуу аткарууга жөндөмсүз болууда. Ошондуктан депутат өкмөттү отставкага кетирүү маселесин парламенттин күн тартибине киргизүүнү сунуштады.

Буга чейин финансы министри Ольга Лаврова, транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директору Дүйшөн Ирсалиев жана “Кыргызалтын” ишканасынын президенти Токон Мамытов өз арызы менен кызматтан кеткен эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG