Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:47

Жогорку Сот Канжар Кадыралиевди камакка алуу чечимин чыгарды


Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин Кадыралиевдин баш коргоо чарасын 10-апрелде Бишкек шаардык соту карап, үй камагына чыгарган. Башкы прокуратура шаардык соттун чечимин жокко чыгаруу боюнча Жогорку Сотко көзөмөл арыз менен кайрылган эле.

Учурда Кадыралиев ден соолугуна байланыштуу ооруканада экени айтылууда.

Башкы прокуратура буга чейин депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге карата бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Мындан кийин Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин сыртынан чыгарган. Андан бери Кадыралиев кайда экени белгисиз болуп, Интерпол аркылуу да изделип жаткан.

26-мартта Кадыралиев өз эрки менен прокуратурага келген.

Жогорку Соттун бүгүнкү чечимине ылайык Кадыралиев 26-майга чейин Бишкек милициясынын №1 тергөө абагында кармалышы керек. (BkA)

XS
SM
MD
LG