Жогорку Кеңеште Кыргызстандагы жеке клиникаларга адам органдарын трансплантациялоого уруксат берүү боюнча мыйзам долбоор талкууланып жатат. Аны “Ар-Намыс” фракциясынан депутат Игорь Гусаров иштеп чыккан.
Депутат өлкөдө бөйрөк, жүрөк оорулары көбөйүп, дарттан жабыркагандар органын алмаштырууга аргасыз болуп жатканын айтууда. Мындай операциялар негизинен чет өлкөлөрдө жасалып, баасы абдан кымбат. Ошондуктан жеке клиникаларга орган алмаштыруу операцияларын жасоого уруксат берүү сунушталып жатат.
Органдарды трансплантациялоо боюнча азыркы мыйзамда мамлекеттик бейтапканаларга гана уруксат берилген. Бирок аларда каражат жетишсиздигинен улам тиешелүү шарт жок болгондуктан мындай операциялар дээрлик жасалбайт. (BkA)