Ушул аптанын соңунда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу бүгүн Кыргызгидрометтен кабарлашты.
26-27-апрелде маал-маалы менен нөшөр жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.
Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөп Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 12…17, тоо этектеринде 8…13 жылуу, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 5…10 жылуу, тоолуу райондордо 2…7 градус суук болот.
Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат. (RK)