Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Абдылдаев: АКШ жүгү боюнча шектенүү негизсиз


Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев АКШнын элчилигине алынып келинген 152 тонна дипломатиялык жүк боюнча шектенүүлөр негизсиз экенин айтты. Министр Бишкекте маалымат жыйынында сүйлөп жатып бул жүктү алып келүү Кыргызстан менен макулдашылганын билдирди.

- Коомчулукта тарап жаткан ар кыл божомолдор негизсиз. Жүктө курал-жарак же тыюу салынган эч кандай буюм болгон эмес. Ошондуктан биз өлкөгө алып кирүүгө уруксат бергенбиз, - деди Абдылдаев.

Буга чейин "Дело №" гезити марттын соңунда эки ирет Украинанын авиакомпаниясына таандык учак менен Бишкектин “Манас” эл аралык аэропортуна белгисиз жүк келгенин жазган. Анда дипломатиялык макам менен келген жүк текшерүүгө алынбаганы айтылат. АКШ элчилиги бул жүк Бишкекте курулуп жаткан элчиликтин жаңы имаратына керектүү материалдар экенин кабарлаган. Буга карабай Орусиянын айрым маалымат каражаттары АКШ Кыргызстанда кезектеги ыңкылап өткөрүүгө даярданып жатат деп жазып чыккан.

Бул боюнча маселени Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети жабык талкууланган эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG