Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Тоңдо жаңы салынган мектеп жарактан чыкты


Тоң районунун Тогуз-Булак айылында 2005-жылы курулуп, колдонууга берилген Турсуналы Мырзамамбетов атындагы мектеп учурда авариялык абалда турганын бүгүн “Азаттыкка” мектептин эмгек жамааты билдирди.

Алардын айтымында, имараттын тактайлары чирип, чатырынан суу агууда. Чириктен улам класстардын ичинде, ашканада жана китепканада курт пайда болуп, балдарды чагып жатат.

Көл-Төр айыл кеңешинин депутаты Ашырбек Жүрсүнкожоев эки ай мурун мектепти Архитектура жана курулуш агенттигинин алдындагы долбоорлоо институту жана райондук санитардык-эпидемиологиялык кызмат текшерип, имаратты мындан ары колдонуу кооптуу деген бүтүм чыгарып, анын ичинде окууга такыр тыюу салган.

Ал эми район жетекчилиги жакынкы айларда мектеп имаратын оңдоо жагы гана караларын, кайра курууга мүмкүнчүлүк жок экенин айтууда. (AsA)

XS
SM
MD
LG