Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:29

Жалал-Абаддын борбордук аянтына Wi-Fi орнотулду


Шаардын борбордук "Эркиндик" аянтында бүгүнтөн тарта акысыз Wi-Fi иштей баштады. "Кыргызтелеком" ишканасынын облустагы бөлүмүнүн жетекчиси Эгемкул Сабырканов "Азаттыкка" билдиргендей, аянттагы эс алуучулар үчүн 256 килобайт ылдамдыктагы интернет орнотулду жана келечекте анын ылдамдыгы дагы жогорулатылат.

Мындан сырткары, Сабыркановдун айтымында, интернет облустун айылдарына да жеткирилүүдө.

Жыл башында Кыргызстандын түндүк аймагынан түштүк жергесине жер алдынан байланыштырган 943 чакырымдык оптика-волокондук магистрал пайдаланууга берилген. Анын алкагында Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы интернеттин ылдамдыгы 3,5 эсе тездей турганы айтылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG